Ссылки доступа

Рахмон эгемендүү Тажикстандын негиздөөчүсү катары жарыяланды


Жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, өлкө президенти эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяланды.

Жаңы мыйзамдын негизинде “улут көсөмүнө” Дүйшөмбүдө жана анын туулган жеринде атайын имарат бөлүнүп берилип, техникалык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыздалат. Ошондой эле жеке фонду түзүлөт.

Мыйзамды парламенттин төмөнкү палатасынын төрт депутаты иштеп чыккан. Документ кириш сөздөн жана 19 беренеден туруп, былтыр декабрда кабыл алынган “Улут көсөмү тууралуу” мыйзамды жокко чыгарды.

Тажикстандын төмөнкү палатасы жаңы мыйзамды 26-октябрда кабыл алды. Ал кайсы бир жеке адамга эмес, өлкө президентине тиешелүү болуп саналат. Мындай билдирүүнү палатанын төрагасы айрым депутаттар азыркы өлкө башчы Эмомали Рахмонду мактап баштагандан кийин жарыялады.

XS
SM
MD
LG