"Аларды министр жемелеп баштады. 30 адам баштарын жерге салып турушту. Ал абдан аянычтуу көрүнүш болду. Алар эс алуу үчүн 894 орундун ордуна болгону 189ду түзгөн деп айыпталышты”, — деди аталган мекеменин жыйынга катышкан кызматкери.
Жыйындын башка катышуучусунун айтымында, министрликтин кызматкерлери өлкө премьер-министринин электрондук кабылдамасына келген даттануулар жана Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган кемчиликтер үчүн жазаланышкан.
Өзүн маданият маселелери боюнча министрдин орун басары деп тааныштырган Фотих Жалолов болсо 30 кызматкерге карата «башкаруунун эски ыкмаларынан баш тарта албагандыгы» үчүн жазалоо чарасы колдонулганын билдирди.