Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлагандай, бүгүн Худжанд багыты боюнча трасса ачык. Транспорт министрлиги киргизген бул чектөө белгилүү бир убакытка чейин сакталат.
28-январдан тарта кар көчкүдөн улам Дүйшөмбү-Худжанд жолунун айрым бөлүктөрү жабылып, жүздөгөн жүргүнчү, 150дөй жеңил жана оор жүк ташуучу транспорт туткунда калган. Расмий маалыматтар боюнча көчкүнүн алдында калып алты киши мерт кетти, дагы үч адам табыла элек.