Паршовдун аты-жөнү украин ИИМи тарабынан изделип жаткан кылмышкерлердин тизмесинде бар. Ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого айыпталып, 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн. Украина ИИМинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, Паршов Днепропетровск шаарында (азыркы Днепрде) 1988-жылы туулган.
Буга чейин Вороненковду өлтүргөн адам Украинанын жараны экендиги жана анын жанынан Украинанын Улуттук гвардиясы тарабынан берилген күбөлүк табылганы кабарланган.
Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Денис Вороненков бейшемби күнү Киевдин борборунда өлтүрүлгөн. Жансакчы менен атышуу маалында кол салган адам жаракат алып, кийин ооруканада көз жумган.
Украина президенти Петр Порошенко орусиялык экс-депутаттын өлүмүн Орусия тараптан жасалган “мамлекеттик терроризм актысы, мында орусиялык атайын кызматтын ачык изи бар” деп атады. Денис Вороненков өткөн жылы күзүндө Орусиядагы куугунтуктоолордон чочулап Украинага көчүп келген. Декабрда украин жарандыгын алып, Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке каршы козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берген.