Асеевдин достору, үй-бүлөсү жана кесиптештери ал тууралуу он күндөн бери маалымат жок экенин айтышууда. Блогер макалаларында Станислав Васин ысымын колдонот жана “Азаттык” радиосунун украин кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эсептелет.
Парламенттин мурдагы мүчөсү, Асеевдин эски таанышы Егор Фирсов Фейсбукка журналист 6-июнда Донецкте жикчилдердин колуна түшүп, күч менен кармалып турганын жазган.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пеич Асеевди чындап эле күч менен кармап турушса, “бул терең кооптондуруучу жана мыйзамсыз” акт экенин жарыялады. Пеич билдирүүсүндө блогерди токтоосуз бошотуп, анын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды.