Ырчы ырастагандай, 10-июнда Өзбекстандын чек ара кызматкерлери анын 76 жаштагы атасын өзбек-казак чек арасында кармашкан. Ырчынын атасы Түркиядан коңшу Казакстан аркылуу Өзбекстанга келе жаткан. Ал чек арачылар карыган атасына карата тыңчылык жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча жалган жалаа жабышканын билдирүүдө.
Милиция бөлүмүндө анын атасынын паспортун тартып алышкан жана карыган кишиге карата кылмыш ишин козгошкон.
“Мен ошол чек арачыга суроо бергим келет: Ыйык Рамазан айында 76 жаштагы карыяга жалаа жабууга кантип дитиң барды. Ал Абдулазиз Каримовдун атасы болгону үчүн күнөөлүүбү? Менин 2-класста окуган кызым бар. Демек, сен аны дагы темир тор артына отургузуп ташта. Сен – өзбек элинин чыныгы душманысың!”, - деп айтылат видеокайрылууда.
Абдулазиз Каримдун билдиришинче, атасы эки жылдан бери Стамбулда анын үйүндө конокто жүргөн. Чек ара кызматкерлери карыяны мөөнөтү өткөн виза колдонууга айыпташууда.