Ссылки доступа

Түркия президенти кайрадан Катарды колдоп сүйлөдү


Түркия президенти Режеп Эрдоган
Түркия президенти Режеп Эрдоган

Түркия президенти Режеп Эрдоган Катардын блокадаланышын «адамгерчиликсиз» деп атап, ал кадамдын ислам баалуулуктарына каршы келе турганын билдирди.

Эрдоган шейшембиде түрк парламентинде сүйлөп жатып Сауд Арабиясы Катардын айланасындагы каатчылыкты чечиши керектигин билдирди. Июндун башында Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет жана Бахрейн өлкөлөрү Доханы терроризмди жана Иранды колдоого айыпташып, Катар менен дипломатиялык мамилелерди жана транспорт байланыштарын токтотушкан.

Катар бардык айыптоолорду четке кагууда. Ага Түркия менен Иран колдоо көрсөтүп жатат.

Дүйшөмбүдө Улуу Британия Катарга карата аба блокадасын жумшартууга чакырган.

XS
SM
MD
LG