Ссылки доступа

Лондондогу өрттүн курмандыктары 12ге жетти


Лондондогу өрт (14-июнь, 2017-ж.)
Лондондогу өрт (14-июнь, 2017-ж.)

Лондондогу өрттөн курман болгондордун саны 12ге жетти. Шаар бийлиги курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн деп кооптонууда.

Ооруканага жаткырылган 70 кишинин 20дайынын абалы өтө оор.

Кечээ Лондондун батышындагы Кенсингтон аймагында 24 кабаттуу турак жайдан өрт чыккан. Кырсыктын себептери аныктала элек.

Трагедияга байланыштуу консерваторлор менен юнионисттер коалициялык өкмөт куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырышты. Бул Британиянын Евробиримдиктен чыгуу мөөнөтүн кечеңдетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG