Ссылки доступа

Камактагы казак журналисттин туулган күнүн белгилешүүдө


Арам акчаларды адалдоо айыбы менен камакта жаткан казакстандык журналист Жанболот Мамайдын тарапташтары анын туулган күнүнө карата бүгүн Алматыдагы тергөө абагынын жанына чогулушту.

Абактын дарбазасынын алдында Мамайды туулган күнү менен куттуктап, белек берүүгө ниеттенген анын ата-энеси, жубайы, ошондой эле укук коргоочулар менен активисттерден куралган ондогон адам турат. Алар «Жанболотко, боштондук!» деп кыйкырып жатышат. Активисттер камактагы журналистти куттуктоо акциясын социалдык түйүндөрдө MAMAYparty деп аташты.

Оппозициялык «Трибуна» гезитинин 28 жаштагы башкы редактору Жанболот Мамай 10-февралдан бери Алматы шаарындагы тергөө абагында камакта жатат. Ал гезиттин редакциясы аркылуу мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан уурдалган делген БТА банктагы акчаларды адалдаштырууга айыпталууда. Бирок Мамай бул айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келет. Өткөн айдын соңунда Алматы соту анын камактагы мөөнөтүн 10-июлга чейин узарткан.

Апрелде Мамайдын тарапташтары аны бошотуу талабы менен социалдык түйүндөрдө #MamayFest хэштеги менен акция өткөрүшкөн. Ага укук коргоочулар, активисттер, журналисттер жана катардагы жарандар катышкан.

XS
SM
MD
LG