Ссылки доступа

Иран Сириянын чыгышындагы жоочуларга ракетадан сокку урду


Иран Ислам революциясын коргоо корпусу Сирия аймагына ракетадан сокку урду. Орто аралыктагы баллистикалык ракета Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарындагы исламисттерге каршы багытталган.

Иран аскерлеринин маалыматы боюнча базада 7-июндагы терактка тиешеси бар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочулары болгон.

Ирандын борборунда 7-июнда террорчулардын эки тобу парламент жана аятолла Хомейнинин мавзолейинде чабуул уюштурушкан. Кол салуу учурунда кеминде 10 киши өлүп, 40тайы жаракат алган.

XS
SM
MD
LG