Ссылки доступа

Брюсселде Улуу Британиянын ЕБдан чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Брекзит боюнча британ министри Дэвид Дэвис менен Евробиримдиктин делегация башчысы Мишель Барнье брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты. Тараптар Лиссабон келишиминде каралган жол-жоболордун шарттарын, жадыбалын аныктоого тийиш.

Сүйлөшүүлөрдүн башында тараптар Британиянын 28 мүчөлүү блоктон чыгуусунун жадыбалын жана артыкчылык бериле турган маселелерди аныктоо аракетин көрүшөт.

Дэвистин айтымында, сүйлөшүүлөр жагымдуу жана конструктивдүү негизде башталды.

Барнье экспаттардын макамы жана Ирландия менен Түндүк Ирландиянын чек ара маселелерин биринчи кезекте талкуулоого макул болду.

“Ажарышууну жөнгө салуу” айрым эсептер боюнча 50 миллиард фунт стерлинг (57 миллиард евродон ашуун) чыгым менен коштолот. Бирок Financial Times эсептөөлөрүнө караганда, биримдикке мүчө өлкөлөр талаптарды катаалдаштырганына байланышуу брекзист үчүн Британия 100 млрд евро жумшашы ыктымал. ББСнин өз булактарынын маалыматы боюнча, алгач Британиянын блоктон чыгуу шарттары, андан соң болочок кызматташуу жана соода келишимдери талкууланат.

XS
SM
MD
LG