Ссылки доступа

Түркмөнстанда банкоматтардан акча алуу көйгөй жаратууда


Түркмөнстандын Балкан облусунда жерди ижарага алып иштеткендер банк карталарынан акчаларын ала албай кыйынчылыктарга туш болушууда.

Ондой дыйкан “Азаттыктын” түркмөн кызматына кайрылып, бир күндө 300 манаттан көп акча ала албай жатканын билдиришти.

"4 гектар жердин түшүмү 3000 манат кирешени түзөт, бир аптадан бери банкоматтарга барып, акча ала албай келебиз. Бүгүн банкоматта акча болсо, эртең болбой дагы калышы мүмкүн”,-деди Сердар районунун жашоочусу Аман.

Анын айтымында, бир жылдык пайданы накталай акчага алмаштыруу үчүн 10 күн банкоматтар менен алпурушуу керек.

"Дайхан Банкынын" филиалы банкта накталай акчанын тартыштыгынан улам, банкоматтардан акча алуу оор болуп жатканын түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG