Комитет жыйынында орусиялык хакерлер компьютерлерди бузуп кирип, шайлоонун алдында коомдук пикирди манипуляция кылгандыгы боюнча АКШнын чалгындоо кызматынын корутундусу каралды. Анын жүрүшүндө Манфра хакердик чабуулдар болгону менен добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланбаганын белгиледи.
Орусиянын АКШ шайлоо системасына канчалык деңгээлде киргендиги тууралуу маселе айрым штаттарда жергиликтүү жана федералдык аткаминерлердин терең чочулоосун жараткан.
Буга байланыштуу январда АКШнын Ички коопсуздук департаменти добуш берүү системасын «опурталдуу инфраструктура» деп атап, федералдык бийликтин штаттардагы шайлоо системаларга кийлигишүүсүнө көбүрөөк ыйгарым укуктарды берген.