Ссылки доступа

Тажик аскерлери Кыргызстан жана Өзбекстан чек араларында машыгуу өткөрөт


Тажикстандын Коргоо министрлигинин Согди гарнизону ушул айдын экинчи жарымында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында ири аскер машыгуусун өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Фаридун Махмадализода билдирди.

Анын айтымында, бул окуулар аймактагы коргонуу иштерин уюштуруу, улуттук армиянын камдыктагы аскерлеринин адискөйлүгүн жогорулатуу жана террордук топторду жок кылуу боюнча Согди гарнизону менен башка күч түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салууга арналат.

Машыгууга катыша турган камдыктагы аскерлердин саны белгисиз. Кечээ Шахристан районунун жашоочулары өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө аскер кызматкерлери менен техникалар жеткирилгенин кабарлашты.

Бул арада маалымат агенттиктери билдиришкендей, Тажикстандагы орусиялык аскер базанын кызматкерлерине айгай жарыяланып, 40 чакырымдык марш өткөрүшкөн. Анан соң алар Дүйшөмбүнүн четиндеги шарттуу кылмыштуу топту жок кылышкан.

XS
SM
MD
LG