Ссылки доступа

Өзбекстанда телеканалдардагы түз эфирлерге тыюу салынды


Өзбекстан бийлиги Эл аралык пресс-клубдун берүүлөрүн түз эфирде көрсөтүүгө тыюу салды
Өзбекстан бийлиги Эл аралык пресс-клубдун берүүлөрүн түз эфирде көрсөтүүгө тыюу салды

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 21-августта Улуттук телерадиокомпаниянын журналисттери менен болгон жолугушуусунда телеканалдардагы түз эфирлерге тыюу салды. Ал журналист Шерзод Кудратхаджаевдин түз эфирде көрсөтүлгөн берүүсүн сындап, каяша айткан алып баруучуну жаман сөздөр менен кемсинтти.

Жергиликтүү журналисттердин биринин «Азаттыктын» өзбек кызматына билдиргенине караганда, жолугушуу маалында өкмөт башчы менен Эл аралык пресс-клубдун жетекчисинин ортосунда кайым айтышуу болду.

– Премьер-министр Абдулла Арипов Эл аралык пресс-клубдун жетекчиси Шерзод Кудратхаджаевге кайрылып, «Сен бала, сезим ченеми дегенди унутуп калган окшойсуң! Өзүңдү ким деп ойлоп атасың?» деди. Ариповдун бул сөздөрүнө ачууланган Кудратхаджаев: «Мени кызматыңыз менен коркутпаңыз, мага кыйкырып, сен деп кайрылууга укугуңуз жок», деп жооп берди. Андан соң премьер-министр аны кемсинтип, дарегине жаман сөздөрдү айтты», – деди ал.

Маалыматтарга караганда, премьер-министр өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясынын төрагасы Бабур Алихановго сөгүш жарыялап, корпорацияда кадрдык алмашуулар болду. Бир нече күн мурда УТРК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, «Өзбекстан» телеканалынын директору болуп барган Хайрулла Нуриддинов кайрадан мурдагы кызматына дайындалды.

Андан тышкары жарандардын социалдык көйгөйлөрү тууралуу олуттуу берүүлөрдү даярдап келген «Өзбекстан 24» телеканалынын директору Озод Хамидходжаев дагы кызматынан алынды. Жергиликтүү журналисттердин айтымдарында, анын ордуна мурда телеканалдан кетирилген Нодир Туляганов дайындалды.

Ошондой эле үч ай мурда кызматтан кеткен УТРК төрагасынын техникалык маселелер боюнча орун басары, премьер-министрдин аталаш тууганы Нусрат Хакимов дагы мурдагы жумушуна кайтып келгени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG