Анын айтымында, кармалган аял буга чейин Украинанын жаңжал болуп жаткан аймагы Донбасста болгонун айткан. Бул маалымат тергөөдө текшерилмей болууда.
- 8-сентябрь күнү Жогорку Соттун имаратына кирип бараткан учурда андан бир ок-дары алынган. Ал окту тирге барганда алганын айтып жатат. Донбасста болгонун айткан, бирок так документтер жок. Азыр териштирилип жатат.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 241-беренесинин негизинде (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча иш козголду.
Учурда Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап жатат.