Ссылки доступа

Назарбаев Сирияга аскерлерди жөнөтүү шарттарын айтты


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тынчтык орнотуучу аскерлерди Сирияга жөнөтүү маселеси БУУнун чечиминин негизинде ишке ашышы мүмкүн экенин билдирди.

“Биринчиден, биздин Конституцияга ылайык, аскерлерди согуш аймактарына жөнөтүү парламенттин чечими менен гана ишке ашат. Экинчиден, ЖККУнун уставы боюнча мындай күчтөрдүн катышуусу каралган эмес. Бирок БУУ тынчтык орнотуучу күчөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алса, биз бул уюмдун мүчөсү катары аскерлерибизди жөнөтүшүбүз мүмкүн”— деди Назарбаев.

Назарбаев Казакстан Сирия жаңжалынын тынч жол менен чечилишин жактай турганын айтты.

Назарбаевдин билдирүүсү Сирия боюнча Астанада башталган жаңы сүйлөшүүлөргө дал келди.

XS
SM
MD
LG