Окуучулар эне тилин өзүнчө предмет катары окуй алышат. Бирок бул өлкөдөгү поляк, румын жана венгр улутундагыларды соороткон жок. Орусия болсо өзгөртүүнү "көп улуттуу өлкөдө моноэтникалык тил режимин зордоп орнотуу" деп баалаган.
Порошенко өзгөртүү "европалык стандарттарга шайкеш жана коңшу өлкөлөр үчүн үлгү" деп моюн толгоодо. Украинада, өзгөчө орус тилдүүлөр басымдуулук кылган чыгыш бөлүгүндө тил маселеси курч.
Бул мыйзам мурдагы президент Виктор Янукович 2012-жылы кабыл алган эрежени жокко чыгарат. Анда этникалык топтун саны өзү жашаган аймакта 10% ашса аларга эне тилинде билим алууга мүмкүн эле.