Ссылки доступа

Сот Али Феруздун ишин мамлекеттик сырга байланыштуу кийинкиге жылдырды


Москвада сот “Новая газета” басылмасынын кабарчысы Али Феруздун Орусиянын ИИМине каршы жазган доо арызын кароону кийинкиге жылдырды. ИИМ өкүлү Феруздун ишинде мамлекеттик сырды камтыган учурлар бар экенин маалымдады. Бул тууралуу "Свобода" радиосу билдирүүдө.

Сот ИИМден мамлекеттик сыр жөнүндө маалымкат берүүнү талап кылды. Феруз болсо Орусияда убактылуу баш калкалоочу жай берүүдөн баш тарткан ИИМдин аракетинин мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылды.

Августтун башында Орусияда сот Али Ферузду Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча токтоткон. Учурда Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында кармалууда.

1-августта Москванын Басман райондук соту журналистке Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузду деген кине тагып, Өзбекстанга кайтарылсын деген чечим чыгарган. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары, Феруздун кесиптештери жана адвокаты журналистти Өзбекстанга кайтарбоону өтүнүшкөн. Алардын айтымында, Өзбекстанда Феруз кыйноого кабылып, абакка камалышы мүмкүн, атургай өмүрүнө да коркунуч жаралышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG