Ссылки доступа

Добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура Ош шаарында добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, эки жаран президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоо үчүн шаар тургунуна эки миң сом пара сунушташкан.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, үгүт өнөктүгү башталгандан бери добуш сатып алуу фактысы боюнча алгач ирет кылмыш иши козголууда. Иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү, ал 3-октябрда каралат. Мыйзам бузгандар 300 миң сом айып пул төлөп же 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Добуштарды Бишкекте сатып алуу фактысы боюнча башка бир иш кылмыш-процессуалдык мыйзамдын алкагында чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жөнөтүлдү. Башкы прокуратура маалымдагандай, шаар тургуну шайлоочуларды таап берүү үчүн 2 миң сом сунуштаган “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабынын өкүлүнө чара колдонуу талабы менен милицияга кайрылган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG