Ссылки доступа

Казакстанда ММКлар үчүн «пропаганда» түшүнүгүн киргизүү сунушталууда


Казакстандын Маалымат жана байланыш министрлиги ММК маселелери тууралуу мыйзам долбооруна «пропаганда» түшүнүгүн киргизет. Бул тууралуу 27-сентябрда мекеме башчысы Даурен Абаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Азырынча «пропаганда» түшүнүгүнүн аныктамасы өлкөнүн бир дагы мыйзам чыгаруу актысында көрсөтүлгөн эмес.

Министр Абаев «пропаганда» дегенде терс таасирлерге ээ идеяларды таңуулоону түшүнө турганын билдирди. Айтымында, аларга өз жанын кыюуга, терроризмге, радикал диний көз караштарга, улуттук жана расалык жек көрүүчүлүккө пропагандалоо кирет.

Андан тышкары министр журналисттерди адамдын жеке, үй-бүлөлүк, дарыгерлик, банктык, коммерциялык жана башка мыйзам менен корголгон сырларын жайылтууга уруксат алууга милдеттендире турган сунуштар тууралуу түшүндүрмө берди.

— Бизде журналисттердин тигил же бул аткаминердин кымбат баалуу унаасы, кыймылсыз мүлкү тууралуу, же алардын туура эмес жүрүш-турушу боюнча материалдарды жарыялоосуна тыюу салуу ниетибиз жок. Бул жогоруда айтылган сырларга кирбейт», — деди Даурен Абаев.

XS
SM
MD
LG