Ссылки доступа

«Жарандык платформа»: Үгүт иштеринен улам депутаттар ЖКнын жыйындарына аз катышууда


«Жарандык платформа» коомдук уюму парламент депутаттары шайлоо алдындагы штабдардын ишине катышып, Жогорку Кеңештин жыйындарына барбай жатканын билдирди.

Бейөкмөт уюмдан белгилешкендей, «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы» тууралуу мыйзамга ылайык, депутат парламент, фракция жана комитет жыйындарына катышып, анда каралган маселелер боюнча добуш берүүгө милдеттүү.

«Бирок Жогорку Кеңештин акыркы жыйындарынын негизинде, депутаттар жыйындарга катышпай, өздөрүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди жакшы аткарбай жатышат деген бүтүм чыгарууга болот», - деп эсептешет уюмдун мүчөлөрү.

Алардын пикиринде, мунун баары парламенттин ишине терс таасирин тийгизип, элдин шайлоо жараянына болгон ишенимин жоготууда.

Буга байланыштуу «Жарандык платформа» Жогорку Кеңештин депутаттарын үгүт иштерине аралашпастан, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен алектенүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG