Ссылки доступа

Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү (видео)


Тажикстандын Душанбе жана башка ири шаарларынын көчөлөрүнө көптөгөн куралдуу аскерлер менен милиция кызматкерлери чыгышты. Өлкө ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү өлкөдөгү коомдук тартипти камсыздоого байланыштуу.

Маалыматка караганда, Душанбенин борбордук көчөлөрүндө милициянын куралдуу кызматкерлери менен Коргоо министрлигинин аскерлери, ошондой эле аскерий унаалар пайда болду. Андан тышкары шаарда жөө милиция патрулдарынын саны көбөйтүлгөн.

«Азаттыктын» тажик кызматы башка өлкөлөрдүн элчиликтерин, дипломаттардын резиденцияларын жана административдик имараттарды кайтаруу күчөтүлгөнүн билдирүүдө.

Өлкө ИИМинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали борбордогу коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү — коомдук тартиптин сакталышын камсыздоого жана ыктымал теракттардын алдын алууга байланыштуу экенин билдирди. Бирок мекемеден кандай коркунучтар тууралуу кеп болуп жатканын так айтышкан жок.

Жергиликтүү аналитиктер бийлик коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүнүн чыныгы себептерин жашырып жатат деп эсептешүүдө. Тажикстандык журналист Алишер Зарифинин айтымында, ИИМ менен Коргоо министрлиги криминал өкүлдөрүнө каршы операция өткөрүп жатышы мүмкүн.

В Душанбе усилены меры безопасности
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Адатта Тажикстан бийлиги коопсуздук чараларын мамлекеттик жана диний майрамдарда, саммиттерде, эл аралык иш-чараларда, же укук коргоо органдарынын даярдыгын текшерүүнүн алкагында күчөтөт.

XS
SM
MD
LG