Прайс салык төлөөчүлөрдүн эсебинен 400 миң доллар коротуп, ырааттуу түрдө жеке учактардан кызматынан пайдаланып турган.
Көзөмөл боюнча өкүлчүлүк палатасынын комитети Акүйгө жогорку кызматтагы чиновниктердин расмий жана жеке сапарлары үчүн өкмөттүк же коммерциялык учактарды колдонгондугу боюнча кенен маалымат берүүнү талап кылган кат жөнөттү.
Прайс – кесиби боюнча ортопед, мурдагы конгрессмен. 2010-жылы конгрессмен болуп турганда Өкүлчүлүк палатасынын спикери Нэнси Пелосини жеке учактардын кызматын пайдаланганы үчүн сындаган.