Ссылки доступа

Twitter Орусияга байланышы бар 200дөн ашуун аккаунтту жапты


Twitter Орусияга байланышы бар 200дөн ашуун аккаунтту таап, аларды убактылуу жапты. Алардын ичинен 22 аккаунт Фейсбукта да тиркелген. Твиттердин өкүлдөрү АКШ сенатынын Чалгын комитетине өткөн жылы президенттик шайлоо учурунда Орусия тарабынан жалган маалыматтардын таратылганы, жасалма аккаунт жана интернет-боттордун пайдаланылганы боюнча маалымат беришти.

Жабык өткөн угууда Russia Today телеканалы өзүнүн 1800дөн ашуун маалыматтарын Твиттерде жайгаштыруу үчүн 2016-жылы 274 миң доллар төлөп бергени да маалым болду. Бирок бул посттор кайсы макалаларга арналганы такталган эмес.

Сенат комитетинин мүчөсү Жеймс Ланкровддун пикири боюнча, орусиялык "тролль ишканалары" Твиттер аркылуу коомчулукта пикир келишпестикти күчөтүүгө көмөктөшкөн. Ал америкалык футболчулардын мамлекеттик гимн ырдалган учурда ордунан турбай коюп, полициячылардын афроамерикалыктарга мамилесине каршылыгын билдирүүсүнө да орусиялык троллдордун күнөөсү бар деп белгиледи.

Америкалык футболчулардын бул окуясы президент Трамп футбол командаларынын башчыларын АКШнын желегин сыйлабаганы үчүн командадан кетирүүгө чакыргандан кийин кызуу талкууга алынган.

XS
SM
MD
LG