Ссылки доступа

Ташкент менен Бишкек чек аралардын калган 15 пайызын тактоодо


Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек ара келишимине кирбей калган линияларды тактоодо. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМи билдирди.

Маалыматтарга караганда, жумушчу топ келишимге кирбей калган чек ара тилкелеринин 15 пайызын тактоо боюнча 21-27-сентябрь аралыгында Баткенде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Анын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган. Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган келишимде Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылууда.

​28-сентябрда Жогорку Кеңеш бул келишимди ратификациялаган. Ага Алмазбек Атамбаевдин 5-октябрга белгиленген Ташкент сапарында эки өлкө башчыларынын кол коюусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG