Ссылки доступа

Ташкенттик адвокаттар диссидент жазуучунун укуктарын коргоодон баш тартышты (видео)


Узбекский писатель, вернувшийся в Узбекистан, поверив словам Мирзияева, содержится в Таштюрьме
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Бир нече адвокат Ташкент аэропортунда кармалган жазуучу Нурилло Отахановдун укуктарын коргоодон баш тартышты. Өзбекстандын жазуучулар бирикмеси аны өз катарынан чыгарды. Жазуучуга карата «Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Анын жубайы Гүлнара Отаханова билдиргендей, Адвокаттардын Ташкент шаардык коллегиясынын бир нече өкүлү жазуучунун иши менен алектенүүдөн коркуп жаткандыктарын айтышкан. "Мага эки-үч адвокат бул иш үчүн кийин аларды бийлик жазалашы мүмкүндүгүн айтышты», — деди ал.

Айтымында, тергөөчүлөр Отахановдун Түркиядан алып келе жаткан «Бу кунлар» («Бул күндөр») китебин жана компьютерин алып коюшкан.

– Өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттин корутундусунда «Бу кунлар» китеби экстремисттик идеяларды пропагандалаган адабият экени жазылган. Юристтер эгер көз карандысыз экспертиза анын экстремизмге тиешеси жок деген чечим чыгарса, абал өзгөрүшү мүмкүндүгүн айтышты», – деди Отаханова.

Нурилло Отаханов Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө кол салуу беренеси боюнча айыпталууда. ММКлардын маалыматтарына караганда, жазуучуга карата кылмыш иши ушул жылы 11-майда козголуп, ага издөө жарыяланган.

Жазуучу Нурилло Отаханов эки жыл Стамбулда жашагандан кийин 26-сентябрда Ташкентке кайтып келген. Ал аэропорттон кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда жазуучу Таштүрмө деп аталган жайда кармалууда.

Нурилло Отахановдун «Бу кунлар» («Бул күндөр») китеби Түркияда басылып чыккан. Анда жазуучу Өзбекстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки өнүгүүсүн сынга алган.

XS
SM
MD
LG