Ссылки доступа

Өзбекстанда журналист жана спорттук баяндамачы кармалды


Өзбекстанда журналист Бобомурод Абдуллаев Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында суракка алынууда. Азырынча журналисттин эмнеге айыпталып жаткандыгы белгисиз.

Күн мурун укук коргоо органдары Абдуллаевдин үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, компьютердеги диск түзмөгүн, бир нече CD жана DVD дисктерди, ошондой эле «Мухаммед пайгамбардын жашоосу» деп аталган китептерди алышкан.

Маалыматтарга караганда, учурда Абдуллаевге жактоочусунун киришине уруксат берилбей жатат.

Алгач журналист Ташкенттеги уурулук ишинде шектүү катары өтүп жаткан. Бирок кийинчерээк анын иши менен атайын кызматтын тергөөчүлөрү алектенип жаткандыгы белгилүү болгон.

44 жаштагы журналист жана спорт баяндамачысы Бобомурод Абдуллаев өткөн шаршембиде жоголуп кеткен. Туугандары анын кармалгандыгын эки күндөн кийин гана угушкан.

Бобомурод Абдуллаев бир нече жыл Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) жана «Интерньюс» эл аралык уюмунун Ташкенттеги кабарчысы болуп иштеген. Акыркы кездери өзбек футболун кескин сындап жүргөн.

XS
SM
MD
LG