Отахановдун тергөө абагынан чыкканы тууралуу маалыматты Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан да ырасташты. Бирок мекемеден Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салууга айыпталган жазуучунун иши боюнча тергөө амалдары тууралуу эч нерсе айтышкан жок.
63 жаштагы белгилүү өзбек жазуучусу Нурилло Отаханов эки жыл Түркияда жашаган. Анын уулу социалдык түйүндөргө мындан ары атасынын иши эмне болору белгисиз экенин жазды.
Нурилло Отаханов – өлкө президенти Шавкат Мирзиёев чет жактарда жашаган мекендештерин Өзбекстанга чакыргандан кийин мекенине кайтып келген алгачкы өзбек диссиденти болуп эсептелет.
Өткөн жумада жазуучуга карата кылмыш иши быйыл 11-майда козголгону белгилүү болуп, ага анын Түркияда басылып чыккан «Бу кунлар» («Бул күндөр») китеби себеп болгону айтылган.