Ссылки доступа

Казакстан спорчулардын бир жыл мелдештен четтетилиши боюнча түшүндүрмө берди


Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын (IWF) аткаруучу кеңеши 30-сентябрда Казакстан сыяктуу тогуз улуттук федерацияны бир жылга мелдештерден четтетүү чечимин кабыл алды.

2016-жылы июнда Тбилисиде Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын аткаруу кеңешинин жыйыны өткөн. IWF бул жыйында спортчулары 2008-жылы Пекин Олимпиадасы менен 2012-жылы Лондон Олимпиадасында допинг колдонгон улуттук федерацияларга каршы жаңы чараларды жарыялаган. Жыйында үч жана андаш ашык спорчусу кызытмага каршы мыйзамдарды бузган өлкөлөрдү жарыштан бир жылга четтетүү чечими кабыл алынган. IWF аткаруу комитети бул боюнча акыркы бүтүмүн 30-сентябрда Румынияда өткөргөн отурмунда чыгарган.

IWF кабарлагандай, тыюу – Казакстан, Армения, Азербайжан, Беларус, Кытай, Молдова, Орусия, Түркия жана Украина улуттук курамаларына тиешелүү. Бул өлкөлөрдүн спортчулары 28-ноябрдан 5-декабрга чейин АКШнын Анхайм шаарында өтө турган оор атлетика чемпионатына катыштырылбайт деп күтүлүп жатат.

Казакстан Оор атлетика федерациясынын (ОАФ) 1-октябрда тараткан маалыматына караганда, бир жылга салынган тыюу атайын комиссиянын чечимдери менен эрте жоюлушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG