Маалыматтарга караганда, атышуу Mandalay Bay казиносунун жанында болгон. Полиция калаадагы казино жайгашкан негизги көчөлөрдү жапты.
"Твиттер" социалдык тармагынын колдонуучулулары эки киши ок чыгарышканын жазышты. CNN жана New York Times басылмалары кабарлагандай, айрым күбөлөр казинонун айланасында өтүп жаткан кантри музыкасынын фестивалында да ок чыгаруу болгонун угушкан.