Ссылки доступа

Алексей Навальный 20 суткага камалды


Арест на 20 суток. Навальный в суде
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Алексей Навальный менен анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков 20 суткадан камакка алынышты. Административдик иш боюнча Навальныйга карата чечимди Москванын Симонов соту, Волков боюнча Савелов соту чыгарды.

Оппозициячылар «макулдашылбаган иш-чараларга катышууга бир канча жолу чакырык жасоого» күнөөлүү деп табылышты. Алар 29-сентябрда Нижний Новгороддогу митингдин алдында кармалган. Бирок ошол эле күнү кое берилип, 2-октябрда сотко келүүлөрү керектиги эскертилген.

Навальный өзүнө карата чыгарылган өкүмдү "[Орусиянын президенти Владимир] Путиндин мааракесине белек" деп атап, тарапташтарын 7-октябрда Санкт-Петербургда митингге чыгууга чакырды. Волков болсо нааразылыгын билдирип ачкачылык жарыялады.

XS
SM
MD
LG