Ссылки доступа

Сирияда ИМдин казакстандык талаа командири тындым болду


Акыркы эки күндө Сириядагы авиасоккулардын натыйжасында ИМ тобунун жети талаа командири тындым болду. Алардын арасында Казакстандан келген жоочу дагы бар. Бул тууралуу Орусия Коргоо министрлигинин атайын өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков билдирди.

“Ар түрдүү макамдагы жети талаа командири, анын ичинде ДАИШтин Евфрат өрөөнүндөгү чабуулдарды координациялоо кызматын аткарган казакстандык Абу Ислям аль-Казаки өлтүрүлдү”,- деди ал.

Коргоо министрлигинин өкүлү кабарлагандай, жоочулар Орусиянын аба-космикалык күчтөрүнүн соңку эки күндөгү Евфраттын чыгыш жээгиндеги операциясы учурунда тындым болду.

Авиасоккулардан ДАИШтин чет өлкөлүк жалданма жоочуларды даярдоо борбору талкаланып, Түндүк Кавказдан келген 40тай согушкер жана террористтердин мобилдүү снайпердик тобу жок кылынды.

XS
SM
MD
LG