Ссылки доступа

Путин соңку беш жылда Түркмөнстанга биринчи жолу келди


Орусиянын президенти Владимир Путин соңку беш жылда биринчи расмий сапары менен Түркмөнстанга келди. Кремль маалымдагандай, сапар Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен ишке ашты.

Кремлдин басма сөз кызматы эки өлкө лидеринин жолугушуусу учурунда эки тараптуу кызматташуу маселелери каралганын учкай гана билдирди. Түркмөнстандын расмий ММКлары дагы кеңири маалымат берген жок.

Соңку мезгилде Ашхабад менен Москванын алакасы көгүлтүр от сыяктуу бир катар маселелерден улам солгундай түшкөн. 2016-жылы Орусия түркмөн газын сатып алууну токтоткон болчу.

“Азаттыктын” түрмөн кызматы жыл башында Бердымухамедов газ экспортун көбөйтүү маселесин Түркия президенти Режеп Эрдоган аркылуу чечүүнү көздөп жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG