Ссылки доступа

Түркмөнстан Эгемендүүлүк майрамына даярданууда


Түркмөн бийлиги V Азиа оюндары аяктары менен Эгемендүүлүк майрамына камылга көрө баштады. Учурда мамлекеттик мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын кызматкерлеринин катышуусунда салтанатка даярдыктар көрүлүүдө.

Түркмөнстан 27-октябрда көз карандысыздыктын 26 жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу мугалимдер ушул айдын экинчи жарымынан тарта сабак берүүдөн бошотулуп, майрамга даярданышат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, ири аземдин катышуучулары бирдей үлгүдөгү жана түстөгү кийимдерди өз акчаларына тиктирип кийүүгө милдеттендирилди.

Жергиликтүү ММКлар мамлекет башчы Эгемендүүлүк майрамын жогорку деңгээлде өткөрүүнү тапшырганын жазышууда.

XS
SM
MD
LG