Ссылки доступа

Казакстанда учак кыйрап, беш киши каза тапты


Алматыга жакын жерде Санитардык авиациянын Ан-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапты. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлагандай, окуя 3-октябрь күнү кечинде Иле районунда болду.

Акимчиликтин маалыматы боюнча учак дыйкан чарбасынын аймагына кулап, күйүп кеткен. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.

Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алматы-Шымкент-Алматы багыты боюнча бара жаткан. Маалыматтарга караганда, бортто үч учкуч жана эки медициналык кызматкер болгон.

Санитардык авиациянын учагы 18.35те Алматыдан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен.

XS
SM
MD
LG