Ссылки доступа

Укук коргоочулар өзбек бийлигин журналист Абдуллаевди бошотууга чакырышты


Кеңсеси Францияда жайгашкан укук коргоочулар тобу Өзбекстандын бийлигине кайрылып, журналист Бобомурод Абдуллаевди бошотууга үндөдү. Анын тарапташтары журналист бир нече күндөн бери сырткы дүйнө менен байланышсыз камакта жатканын айтышууда.

«Биз Өзбекстан өкмөтүн көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаевди тез арада бошотууга, эч кандай чектөөсүз анын өз пикирин эркин айтуу укугун сыйлоого, иш боюнча ачык соттук териштирүү жүргүзүүгө жана анын туугандары менен адвокатына жолугушуусуна уруксат берүүгө чакырабыз», – деп айтылат Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча ассоциациянын билдирүүсүндө.

Абдуллаевдин жоголуп кеткендиги тууралуу анын жубайы Катя Балхибоева 27-сентябрда билдирген. 29-сентябрда полиция кызматкерлери журналисттин үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Полиция өкүлдөрү 44 жаштагы Абдуллаев уурулукка шектелип камакка алынганын билдиришкен. 30-сентябрда белгилүү ташкенттик адвокат Миноят Парпиева Абдуллаев Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта экенин жана анын журналист менен жолугушуусуна уруксат берилбей жатканын айткан.

Өзбекстандагы белгилүү спорттук журналист Бобомурод Абдуллаев «Озод Овоз» (Азаттык үнү) медиа-долбоорунун негиздөөчүсү болуп эсептелет. Андан тышкары ал Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Өзбекстандагы кабарчысы болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG