Анын айтымында, иликтөө уланууда. Комитетте Дональд Трамптын команда мүчөлөрү менен орусиялык чиновниктер ортосундагы байланышты аныктоо иштери жүрүүдө. Ричард Бёрр отурумдардын биринде Google, Twitter жана Facebook интернет-корпорацияларына сөз берилерин кошумчалады.
Кошмо Штаттарда президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү иликтенүүдө. Январда АКШнын чалгындоо коомчулугу Орусия президенти Владимир Путин АКШдагы шайлоо кампаниясына кийлигишип, Дональд Трампка жардам берүү үчүн хакердик чабуул жасоо тапшырмасын берген деген бүтүмгө келген.
Августтун башында атайын прокурор Роберт Мюллер "орусия изин" иликтөөгө сот кеңешчилеринин ири коллегиясын чакырган. Москва АКШнын президентин шайлоого тиешеси жоктугун белгилеп келет.