Ссылки доступа

Түркмөнстан абактарында мурдагы эки аткаминер каза тапты


Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязовдун тушунда жогорку кызматтарда иштеген эки аткаминер түрмөдө каза тапты.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, "Түркменнефть" мамлекеттик корпорациясынын мурдагы төрагасы Сапармаммед Велиев менен мурдагы улуттук коопсуздук министри Поран Бердыев абакта кайтыш болду. Алардын сөөгү туугандарына берилди.

“Аларды тирүү көрсөткүлө” эл аралык кампаниясынын маалыматы боюнча Велиев 2005-жылы дээрлик чейрек кылымга соттолгон. Аны туугандары менен көрүштүрүшкөн эмес.

2000-жылдардын башында Поран Бердыев бир катар жогорку кызматтарда иштеген, ички иштер министри, улуттук коопсуздук министри болгон.

XS
SM
MD
LG