Ссылки доступа

Орусияда поезд менен автобус кагылышып, 19 киши мерт кетти


Иллюстративное фото.
Иллюстративное фото.

Владимирская облусунда жүргүнчү поезд автобус менен кагылышты. Натыйжада 19 киши мерт кетти, алардын арасында жаш бала бар. Кеминде беш киши ооруканага жеткирилди.

Покров шаарынын башчысы Вячеслав Аракелов ТАСС агенттигине билдиргендей, каза тапкандар – Өзбекстан жарандары. Казакстан ТИМинин басма сөз катчысы автобустун айдоочулары Казакстан жараны экенин маалымдады. Алардын бири курман болду.

Авария жергиликтүү убакыт боюнча 3:30да болгон. Москвага сапар алган автобус тыюу салынган белгиге карабай, темир жолго кирип кетип, өчүп калган. Жүргүнчүлөрдүн жарымы түшүп, автобусту жолдон түртүүгө аракет кылышканы менен майнап чыккан эмес.

“Автобустун ичиндеги 50 киши уктап жаткан. Айдоочу кыйкырганда алардын 34ү тышка чыгып, унааны түртүүгө аракет кылышкан. Алар аман калды, автобустун ичиндегилер мерт болушту”, –деди Владимирская облусунун губернаторунун маалымат катчысы Рита Шляхова.

Маалыматтарга караганда, машинист Санкт-Петербург-Нижний Новгород багытында бара жаткан поездди токтотууга үлгүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG