«Жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү үчүн Ташкентке чейинки билет баасын 1034 сомониге чейин арзандаттык», - деп билдиришти өзбек авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүнөн.
Быйыл жазында аталган багыт боюнча каттам ачылганда жарандардын көбү билет баасынын кымбат экенине даттанышкан.
Анда Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси Шохкасым Шоисламов каттам менен биринчи кезекте эки өлкөнүн жөнөкөй тургундары пайдаланышы керектигин айткан.
Маалыматка караганда, компания ар шейшемби сайын 150 орундуу учак менен Душанбеден Ташкентке 50-60 жүргүнчү жеткирет. Алардын бир тобу Ташкентке барып, андан ары башка өлкөлөргө учуп кетишет.