Анжиян шаарындагы «Жахон бозори» базарынын соодагерлеринин бири билдиргендей, бир канча күндөн бери базар бейшемби жана жекшемби гана күндөрү иштеп жатат. Калган күндөрү анын дарбазалары эртеден кечке жабык турат:
– «Жахон бозори» – бул Анжияндын сыртына курулган эң ири дүң базар. Облустун бардык районундагы ишкерлер азык-түлүк жана өнөр-жай товарларын ушул базардан сатып алышат. Бирок өлкөнү Каримов башкарып турганда дагы базар пахта терүү үчүн бир да жолу жабылган эмес. Азыр болсо соодагерлерге дүкөндөрүн ачууга уруксат берилбей жатат. Сатып алуучулардын бардыгы кайра артка кайтып жатышат. Базар бош турат, – деди ал.
Жергиликтүү ишкерлердин бири дүйшөмбү күнкү нөшөрлөгөн катуу жамгырдан кийин бийлик адамдарды жапырт түрдө пахта теримге жөнөтө баштаганын айтты:
– Быйыл пахта терүү өнөктүгү өтө катаал жүрүп жатат. Күн сайын кечки 8де башталган чогулуш төрт саатка созулат. Аким облустагы бардык базарларды жабууну тапшырды. Бардык уюмдар менен ишканалар пахта теримге жөнөтүлгөн адамдардын саны боюнча отчет даярдоо менен гана алек болуп жатышат, – деди ал.
Анжиян базарында соода кылган дагы бир шаар тургунунун айтымында, жергиликтүү бийлик ишкерлерди дүкөндөрүн жаап пахта талаасына чыгууга же жумушчуларды жалдоого акча берүүгө мажбурлоодо.
– Күндүз базарлар таптакыр иштеген жок. Дарбазаларында кулпулар турат. Алар кечке жакын гана ачылып, базар иштей баштайт. Ишкерлер менен соодагерлер түшүм жыйноого же өзүнүн ордуна жумушчу жалдап бериши керек. Бул акимдин буйругу, – деди соодагер.