Ссылки доступа

Трамп өзөктүк арсеналды көбөйтүү пландары тууралуу маалыматты четке какты


АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн өзөктүк арсеналын 10 эсеге көбөйтүүнү пландап жаткандыгы тууралуу NBC телеканалынын билдирүүсүн кескин сынга алды. Ак үйдүн башчысы ал маалыматтарды президентти жаманатты кылууга багытталган жалган билдирүү деп атады.

Шаршембиде NBC News сайты 20-июлдагы коопсуздук боюнча кеңешмеде Трамп өзөктүк арсенал санын 1960-жылдагыдай 32 миңге чейин жеткирүү каалоосун айткандыгы тууралуу макала жарыялаган. Телеканал анда кеңешменин үч катышуучусуна шилтеме кылган.

NBCнин маалыматына караганда, кеңешменин катышуучулары президент андан тышкары АКШ армиясынын жана анын пайдалануусундагы аскер техникаларынын санын көбөйтүүнү каалай турганын айтышкан.

Буга чейин 20-июлдагы жыйын тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Америкалык окумуштуулар федерациясынын маалыматы боюнча, учурда Кошмо Штаттар төрт миңге жакын өзөктүк арсеналга ээ.

XS
SM
MD
LG