Орусия Коргоо министрлигинин 10-октябрдагы билдирүүсүндө АКШ башында турган коалиция сентябрда Иракта азыраак аба соккусун жасагандыгы, ошол эле маалда Орусия авиациясы колдоп жаткан Сирия армиясы Дейр эх-Зор провинциясын алуу операциясын баштагандыгы жазылган.
«АКШ башында турган коалициянын Ирактагы «Ислам мамлекети» менен согушуп жаткандай түр көрсөтүп, бирок чынында Сириядагы «ИМ» тобу менен активдүүрөөк күрөшө баштаганын бардыгы көрүп турат», — деп билдирген Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков.
Пентагондун басма сөз катчысы, полковник Роберт Мэннинг Орусия бийлигинин билдирүүсүн «таптакыр туур эмес» деп атады. «Биз ИМ тобун, ошондой эле анын аймактагы жана дүйнөдөгү жашырынган жерлерин жок кылуу боюнча чечимди карманган бойдон калабыз», — деди ал.
Пентагон АКШ башында турган коалиция күн сайын соккулардын саны жана алардын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды жарыялап турарын кошумчалады.