Кургак учукка каршы күрөшүү өнөктүгүнө катышып жаткан имам Каримжон Розиков апта сайын жума намазынан кийин он беш мүнөт ушул темада талкуу өткөрүп турат.
Анын жыйынтыгында мечитке келген адамдардын 80 пайызы текшерүүдөн өтүп, алардын бир нечеси Коха таякчаларын жуктурганы аныкталган. Каримжон имамдык кылган мечитке туруктуу түрдө 500дөн ашык киши келип турат.
«Мен Орусиядан кайтып келгендерге өз коопсуздугу үчүн текшерүүдөн өтүп коюуну сунуштайм. Адамдын оорусу бар экени аныкталса ал өз маалында дарыланууну баштай алат. Ошентип ал өзү дагы, анын үй-бүлө мүчөлөрү дагы коркунуч алдында болбойт», - дейт ал.
2015-жылдан бери USAID өлкөнүн кургак учук көп катталган 27 шаар жана райондорунда 143 коомдук саламаттыкты сактоо комитеттерин түзгөн. Учурда анын 800дөн ашык мүчөсү бар. Бул жолку беш жылдык долбоорго уюм 13,3 миллион доллар бөлгөн.