«Эң маанилүүсү, азыр президенттен кадам болушу керек. Президент билет бекен, сезет бекен өзүнөн кеткенин? Ал кеминде кечирим айтылбаса да кандайдыр бир ыгын таап казак президентине кайрылышы керек», — деди ал.
Отунбаева маселе өкмөттүк деңгээлде чечилбейт деген көз карашын кошумчалады.
8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындап сүйлөгөн.
10-октябрда Кыргызстандан Казакстанга каттаган адамдар менен автоунаалар чек арадан өтө албай, тыгын, нааразылык пайда болгон. Муну казак тарап катардагы текшерүү операциясы деп атаган.
Кечээтен бери абал турукташа баштаганы айтылууда.
Президенттик аппарат чек арадагы абал боюнча комментарий бере элек.