Буга чейин Шавкат Мирзиёевдин өткөн аптада Сочидеги КМШ мамлекет башчыларынын саммитине, андан мурдараак Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына Усмановдун учагы менен барганы кабарланган.
«Өкмөт тарабынан «Узбекистон хаво йуллари» улуттук авиакомпаниясына президенттин расмий учагы катары пайдалануу максатында ижарага учак издөө жана тандоо тапшырмасы берилген. Жыйынтыгында жайлуулугу, коопсуздугу жана техникалык даярдыгы жагынан GlobalJet оператору сунуштаган Airbus 340 M-IABU учагы тандалган», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
FlightRadar24 сервисинин маалыматына караганда, былтыркы сентябрдан бери Алишер Усмановдун учагы Ташкент аэропортуна кеминде 12 жолу конгон. Бир жыл ичинде аба майдандын учак токтотуу жайында M-IABU номурундагы A-340 Bourkhan лайнери болжол менен 50 күн конуп турган.
Алишер Усмановдун Airbus A340-313 учагы 350 миллион доллар туруп, дүйнөдөгү эң кымбат жеке учактардын бири болуп эсептелет. Ал Усмановдун атасынын урматына – «Burkhan» («Бурхан») деп аталган.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Алишер Усмановдун туугандык байланышы бар. Мирзиёевдин жубайынын жээни Диера Усманова Алишер Усмановдун 2013-жылы Ташкентте жол кырсыгынан каза болгон иниси Бабурдун жесири болуп эсептелет.