Мындай окуя катталганын Чүй милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов дагы ырастады.
- Учурда ыкчам-иликтөө тобу жеринде иштеп жатат. Ушундай окуя болгону ырас. Түнкү үчтөрдө машиналарды өрттөгөнгө аракет кылган. Fiat үлгүсүндөгү машина толук өрттөнгөн. Мындан сырткары дагы эки машинаны, үйдүн каалгасын өрттөө аракети болгон. Анын эшиги күйүп жатканда байкап калып, өрттү өчүрүп калышкан.
Токтосуновдун белгилешинче, бул окуяга байланыштуу психикалык жактан жабыркаган жаран суралып жатат.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.