Анын айтымында, Кузов камалгандан бери алты күн өттү, бирок анын абалы жана адвокат менен камсыздалганы тууралуу маалыматтар жок.
- Human Rights Watch Мирзорахим Кузовдун тагдырына өтө кабатыр. Ал Афинанын эл аралык аэропортунун транзиттик зонасында кармалган. Кузов ЕККУнун Адам укуктары боюнча бюросунун Варшавадагы конференциясына катышкан Тажикстан Кайра жаралуу партиясынын делегациясынын мүчөсү болгон. 9-октябрда ал Варшавадан Греция аркылуу Тегеранга бара жаткан. Грек чек арачылары аны Афина эл аралык аэропортунун транзиттик зонасында кармашкан. 10-октябрда аны Греция борборунун четиндеги түрмөгө которушкан, - деди укук коргоочу.
Стив Свердлов диний партиянын мүчөсү Тажикстандын өтүнүчү менен Интерпол издөөгө алган тизмеге киргизилгенин баса белгиледи. Ал Кузов карапайым жарандык активист экенин, тажик бийлиги ойдон чыгарылган айыптоолор менен издөөгө алганын айтты. Кузов экстремисттик ишмердүүлүккө катышууга күнөөлөнүүдө.
Уюм грек бийлигин Кузовду мекенине жөнөтпөөгө жана эркиндикке чыгарууга үндөөдө.