Маалыматка караганда, жүрөк оорусу менен жабыркаган ондогон адамга уникалдуу операцияларды жасаган кардиохирург өткөн айдын соңунан бери Хужанд шаарындагы тергөө абагында кармалууда.
Учурда дарыгердин ишин иликтөө менен Тажикстан УКМКсынын Согди облустук башкармалыгынын кызматкерлери алектенүүдө. Анын кармалганын облустук прокуратурадан ырасташты. "Абдумалик Саломов Тажикстанда тыюу салынган «Салафия» кыймылы менен байланышта болгон деп шектелүүдө. Ал согдилик салафиттер тарабынан уюштурулган палоо сыйына дайыма барып турган», - деп билдирди облустук прокуратура кызматкерлеринин бири. Азырынча дарыгердин эмнеге айыпталып жаткандыгы так айтыла элек .
41 жаштагы Абдумалик Саломов Тажик медициналык университетинин бүтүрүүчүсү. Ал көптөгөн жылдар бою Москвадагы Бакулев атындагы Жүрөк кан-тамыр хирургия борборунда жана Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы Борбордук аскер клиникасынын госпиталында эмгектенген. 2015-жылы Согди облустук Жүрөк кан-тамыр хирургия борборуна жумушка чакырылган.
Абдумалик Саломовдун кармалышы анын кесиптештери үчүн таптакыр күтүүсүз болду. «Саломов – жогорку даражадагы адис, мыкты кардиохирург. Ал кичи ажыга барып келген, анын салафиттер менен сүйлөштү дегенине ишенүү кыйын», - деди борбордун бөлүм башчысы Мубинжон Иноятов.